Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен Курман айт майрамына байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 27-августта кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.
Бул күндөрү дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилеп жатышат.