ӨКМ: Алай районунда жер титирөө катталды

11:47, 22 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.  

Жердин силкинүүсү Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.