23:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажикстан түштүгүндө экстремизм айыбы менен 36 киши камалды

Жыл башынан бери Тажикстандын Хатлон облусунун 36 тургуну тыюу салынган террордук топторго кошулуу айыбы менен камакка алынган.

Облустун күч түзүмдөрүндөгү өз булактын кабарлашынча, алардын айрымдары чет өлкөлөрдө кармалышкан.

Буга чейин Хатлон облустук ички иштер башкармалыгынын генералы Абдуваххоб Искандарзода кармалгандардын арасында «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөлөрү да бар экенин билдирген.

Анын айтымында, облустун дагы 730 тургуну тыюу салынган партиялар менен кыймылдарга, анын ичинде «Талибанга» байланышы бар деген шек менен эл аралык издөөдө жүрүшөт.

Ошол эле маалда облустун укук коргоо органдары аталган мезгил ичинде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштардын саны азайганын белгилешүүдө. Генерал Искандарзода мындай тенденция калк арасындагы түшүндүрүү иштерине байланыштуу деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар