19:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Ак кеме» повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» («Жомоктон кийин») повестинин негизинде «Шамбала» аттуу тасманы тарта башталды.

Тасманын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков, ал эми оператору Мурат Алиев болот. Сүйүндүков бул тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди.

«Шамбала» тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Тасманын бет ачары кийинки жылы өтөт.

Бул Айматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган экинчи тасма болот. Биринчи тасманы 1976-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар