Жаңы дайындоолор. Президенттик аппараттын жетекчиси дайындалды

16:32, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Эсеналиев Досалы Акпаралиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Дагы бир жарлыкка ылайык Кененбаев Алмаз Муканович Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.