Секербаева Административдик мыйзам бузуулар кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча айыпталууда. Эгер активист күнөөлүү деп табылса, 10 суткага административдик камакка алынат же беш айлык эсептик көрсөткүч (12 025 теңге) айыппулга жыгылат.
9-авгутта Алматынын жөө жүргүнчүлөргө арналган Арбат көчөсүндө акция өткөргөн Секербаева колуна: «Айыз — уят, кыйноо уят эмеспи?», «Айыз — бул аялдардын суперкүчү» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыккан.
Секербаева сотто Арбатка тааныштарын колдоо үчүн келгенин, фотосессияга катышканын жана уюштуруучу эмес экенин билдирди.