Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды

13:03, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош облусуна караштуу Алай районунун Бүлөлү айыл аймагындагы 3 турак үйдүн мал сарайын жана Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолунун 40-чакырымын суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаа жолдорду тазалоого 2 жүктөгүч унаа тартылган.

Учурда унаа жол бир тараптуу тазаланды, жол каттамы ачык. Азыркы тапта кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.