Кыргызстанда «Жибек жолу» аталышындагы тоо веложарышы уюштурулат

11:46, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «Жибек жолу» аталышындагы тоо веложарышы уюштурулат.  Анда иш-чаранын катышуучулары жол боюндагы шаар, айылдардан тамак-аш, сууну өздөрү таап ичиши керек. Бул тууралуу туризм департаментинен билдиришти.

Фото

Узундугу 1 миң 700 чакырым жолду түзгөн жарышка 26 мамлекеттин 95 спортчусу катышат. Жарыш Бишкектен башталып, Чоң-Кемин, Соң-Көл, Ысык-Көл багыттары менен аяктайт. Мелдештин катышуучулары сырттан эч кандай жардам ала алышпайт. 

Жарыш эртең саат 9да Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын башкы кире беришинде башталат.