Бишкекте 14 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.
Маалыматка караганда, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде кызды сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жаракат алган кыз ооруканага жаткырылды.