Бишкекте 14 жаштагы кызды унаа коюп кетти

11:19, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 14 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде кызды сүзүп кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган кыз ооруканага жаткырылды.