Таласта жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды

10:26, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Талас облусуна караштуу Талас районунун Көк-Токой айылында жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кара куурайлар айылдын күн чыгыш тарабынан чабылды. Жалпы 50 сотых жерден 2 тонна кара куурай жок кылынды.