18:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жайкы Азия оюндары. Кыргызстандын атынан 7 мушкер катышат

Индонезияда болот турган Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын атынан бара турган бокс боюнча курама команданын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага 7 мушкер катышат. Аларды жетектеп башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев бармакчы.

Спорттук мелдеш эртең башталып 2-сентябрга чейин уланат.

Бокс боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси: Фарида Пупова, Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев, Сирожидин Абдуллаев, Арген Кадырбек уулу, Нурлан Кобашев, Абдурахман Абдурахманов.

Эң көп окулган жаңылыктар