Анын айтымында, экспертиза «Эгизбаевдин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон» деген бүтүм чыгарган. Ошол эле кезде анын ашказанынан уулануунун белгилери аныкталган эмес.
Мындан тышкары экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар маркум каза болгондон кийин пайда болгон деп белгилеген.
ИИМдин өкүлү экспертизанын жыйынтыгы талданарын, тергөө иштери уланарын жана бардык маалыматтар каралып чыгарын кошумчалады.
«Азаттык» радиосу Эгизбаевдин каза болушунун жагдайын өз тарабынан иликтеп жатат жана коомчулукка бул туурасында маалымат берет. Коомчулукта журналисттин өлүмүнө кырсык себепкер болушу мүмкүн дегенге ишенбегендер да бар.
Курч иликтөөлөр менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.
Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алган. Ушул тапта журналисттин көзү тирүүсүндө ага коркутуу-үркүтүүлөр болгону боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.