Кыргызстандын аймактары боюнча Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары криминалдуу шаарлардын катарын толуктайт. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.
Анын айтымында, аталган 3 аймак алдыңкы тизмеде орун алган.
«Эң көп катталган кылмыштарга уурулук, мал уурдоо, алдамчылык, тоноочулук, бейбаштык жана зордуктоо кирет. Зордуктоо боюнча бардык кылмыштардын бети 100 пайыз ачылат», — деди Бакыт Сеитов.