Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары криминалдуу шаарлардын катарын толуктайт

16:07, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймактары боюнча Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары криминалдуу шаарлардын катарын толуктайт. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, аталган 3 аймак алдыңкы тизмеде орун алган.

«Эң көп катталган кылмыштарга уурулук, мал уурдоо, алдамчылык, тоноочулук, бейбаштык жана зордуктоо кирет. Зордуктоо боюнча бардык кылмыштардын бети 100 пайыз ачылат», — деди Бакыт Сеитов.