23:52
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Тажикстанда SIM-карталардын баасы 50 эсеге кымбаттайт

Тажикстан бийлиги 20-августтан тарта SIM-карталардын наркын 250 сомониге ($26) чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул азыркыга салыштырмалуу 50 эсеге кымбат.

Өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор бул маалыматты тастыктады. Тажикстан ИИМи бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки «коопсуздук чараларын» күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирди.

Алгач SIM-карталарды 1000 сомониге ($104) чейин сатуу сунушталган, бирок талкуу учурунда анын баасын төмөндөтүүнү чечишкен.

«Айрым абоненттер номер алмаштырганды жакшы көрөт, SIM-карталардын баасын жогорулатуу мунун алдын алат. Мындан тышкары тажик операторлорунун SIM-карталары колдон колго өтпөй калат», — деди Байланыш кызматынын өкүлү.

9 миллион жашоочусу бар Тажикстанда 4,1 миллион активдүү абоненти бар. Учурда өлкөдө төрт мобилдик компания иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар