19:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук банк 19 миллион 50 миң долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк апрель айынан бери алгач жолу валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу доллар сатты.

Ушул аптанын башынан бери Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 69.49 сом болсо, акча алмаштыруу жайларда 69. 60-70 сомдон сатылууда.

Мындай кырдаалды Улуттук банк АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Башкы финансылык көзөмөлдөөчү Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар