Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанга иш сапар менен барат

12:19, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-17-август күндөрү Астана шаарында өтө турган Кыргызстан-Казакстан өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.