09:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандыктын камактагы мөөнөтү узартылды

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандыктын камактагы мөөнөтү узартылды.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган.

Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума