Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 16-августта саат 07:40та аталган суу сактагычка чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине жалпы 14 куткаруучу тартылган. Саат 09:20да издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.
Эске салсак, 14-августта Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.