Чүй облусунда шар аккан сууга түшүп кеткен жаран изделүүдө

09:56, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы шар аккан сууга 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалпы 9 куткаруучу тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок табылган эмес.

16-август күнү издөө иштери улантылат.