09:06, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Абрамов чокусунда таш кулап, орусиялык альпинистти басып калды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 32 жаштагы В.Кирилл аттуу жаран Кара-Казык тоосундагы Абрамов чокусунан бийиктиктен түшүп келе жаткан. Ошол учурда таш кулап, денесинен оор жаракат алган. Ал көп өтпөй окуя болгон жерде каза тапты.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.