Жумакадыр Акенеев 64 жашында дүйнөдөн кайтты

08:40, 16 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Коомдук ишмер, саясатчы, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев 64 жашында дүйнө салды. Маалыматка караганда, ал Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборунун кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. 1976-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун «инженер-экономист» адистиги оюнча бүтүргөн. 1998-жылы экономикалык илимдердин доктору болгон.

Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. «Комсомол» коомдук бирикмесинин төрагасы, 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.