Ошто дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм кыздар изделүүдө

17:29, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм кыздарды издешүүдө. 

Билдирүүгө ылайык,  Ош шаарына караштуу Учар айылынын 2004-жылы туулган тургуну Гүлбара Абдибаитова менен курбусу — Кара-Суу районунун Садырбай айылынын 2004-жылы туулган тургуну Роза Бапыева ушул жылдын 10-августунда үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. 

Гүлбара Абдибаитованын бою 150-чачын жазып, кызгылт түстүү кѳйнѳк жана бут кийим кийип жүргөн.

Роза Бапыева кара футболка, кѳк жинсы шым кийип жүргөн.