04:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм кыздар изделүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм кыздарды издешүүдө. 

Билдирүүгө ылайык,  Ош шаарына караштуу Учар айылынын 2004-жылы туулган тургуну Гүлбара Абдибаитова менен курбусу — Кара-Суу районунун Садырбай айылынын 2004-жылы туулган тургуну Роза Бапыева ушул жылдын 10-августунда үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. 

Гүлбара Абдибаитованын бою 150-160 см, чачын жазып, кызгылт түстүү кѳйнѳк жана бут кийим кийип жүргөн.

Роза Бапыева кара футболка, кѳк жинсы шым кийип жүргөн. 



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума