04:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ӨКМ: Тилсиз жоодон 43 киши куткарылды

Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 43 киши куткарылды. Бул тууралуу  ӨКМнын Өрттү өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу майор Равшанбек Ашырбеков билдирди.

Маалыматка караганда, 7 ай ичинде республика боюнча 2215 өрт кырсыгы катталды. Бул былтыркыга  салыштырмалуу 7,8 пайызга көп.  Өрттөн 36 киши каза таап, 25 киши жабыркаган.  

Равшанбек Ашырбековдун айтымында,  электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык— 29.2 пайыз, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 40.2 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу — 0.8 пайыз, балдардын от менен ойноосу -7.1 пайыз -өрттүн келип чыгуусуна себепкер болгон.  

Эң көп окулган жаңылыктар