08:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балбак Түлөбаев: Жеке бизнесим жок

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевдин жеке бизнеси жок. Ал бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Буга чейин «Аю холдингдин» мурунку вице-президенти жеке компаниялардын биринин негиздөөчүсү деп айтылып жаткан. Ал Курбанали Турабаев менен бирге товарларды дүңүнөн сатуучу «Элиф» ЖЧКсын негиздеген деген маалымат тараган.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, 2010-жылы өнөктөшү менен бирге ЖЧК түзүп, бир жыл өткөн соң өзү курамдан чыгып кеткен. Маалыматка ылайык, ал убакта компания ишке киргизиле эле болчу.

Балбак Түлөбаев мамлекеттик кызматта акыйкат иштеп бере тургандыгын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар