15:26, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Түштүк Экспо- эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, иш-чарага жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышууда.
Көргөзмөнүн расмий бөлүгүнө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайын өкүлдөр, ишкерлер келип катышты. Жарманке 17-августка чейин болот.