18:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто «Түштүк Экспо-2018» эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Түштүк Экспо-2018» эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, иш-чарага жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышууда.

Көргөзмөнүн расмий бөлүгүнө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайын өкүлдөр, ишкерлер келип катышты. Жарманке 17-августка чейин болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума