13:03
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жоокерлерди шылдыңдаган 3 аскер адамы кармалды

Кой-Таш аскердик бөлүмүндө милдет өтөп жатышкан жоокерлерди шылдыңдаган 3 аскер адамы кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, аларга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылды. Бүгүн сот алардын баш коргоо чарасын карайт.

Эске салсак, аталган аскер бөлүктүн жоокерлери укук коргоочуларга кайрылышып, командирлери тарабынан кодулоого алынганын билдиришкен. Жабырлануучулардын айтымында, алар жакынкы айылдардан кык ташып, чоочун бирөөлөрдүн унаасын оңдошкон. Мындан тышкары арык казышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар