USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Президенттин иш сапары. Сапаттуу үрөн менен камсыздаган ишкана менен таанышты

14:05, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапарынын алкагында Ош облусунун Өзгөн районундагы «Аталык-Өзгөн» ишканасынын «ЭлДан Аталык» агроөнөржай комплексине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчысы жергиликтүү фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, чеснок жана сафлор өстүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ишкананын ишмердиги менен таанышты.

«Аталык-Групп» ЖАК башкы директору Турат Укубаев бул долбоордун алкагында машина-трактордук станциясы түзүлүп, Өзгөн жана Кара-Суу районунун 203 фермерине 20 тонна чеснок үрөнү берилип, ал 20 гектар жерге айдалганын айтып берди.

Ошондой эле кубаттуулугу күнүнө 50 тонна сафлор майын кайра иштетүү цехи курулду.

Турат Укубаев сафлор кайрак жерде өсөөрүн жана көп суу талап кылбаганын белгиледи. Бул аймак аны өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Жергиликтүү фермерлер сафлорду өздөрү өстүрүшүп, аны кайра иштетүүгө цехке өткөрө алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика