14:00, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 12 тургун сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги тастыкташты.
«Лабораториялык диагноз азырынча белгисиз. Бейтаптар Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жаткырылды. Баары анализ тапшырды», — деп билдиришти министрликтен.