19:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ИИМ «Momo» оюну тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги балдар менен өспүрүмдөргө коркунуч жараткан «Momo» оюну тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары өспүрүмдөр үчүн коркунучтуу болгон «Көк кит» оюнуна окшогон «Momo» жаңы оюну социалдык тармактарда тарап жаткандыгы тууралуу эскертүүчү маалыматты таратышкан.

Аталган оюн WhatsАpp тиркемеси аркылуу жайылууда. Анда оюндун башчылары өспүрүмдөргө зомбулук боюнча сүрөттөрдүн топтомдорун, андан соң буйруктарын аткарууга түрткөн коркутууларды жазуу түрүндө жөнөтө тургандыгы айтылат.

ИИМ «Момо» оюнунун балдарга менен өспүрүмдөргө коркунучтуу экендигин эскертет.

WhatsАpp тиркемесиндеги «контакты» деген жеринде «Момо» пайда болсо, тез арада өчүрүп же сиз менен байланышуусуна бөгөт коюп салыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар