Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кезектеги жол кырсыгы катталды

10:51, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кезектеги жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Маалыматка караганда, күнөөкөр окуя болгон жерден качып кеткен. Анда жабыркаган бир кишини ооруканага алып кетишти.

Бишкек ШИИББдан билдиришкендей, Honda Fit жана Honda Odyssey унаалары сүзүшкөн.