Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

10:38, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg

14-августта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында суу сактагычка 1980-жылы туулган Ю.А.  аттуу жаран түшүп кеткен. Аны издөө иштери дагы деле уланууда. Бул тууралуу  ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, маркумдун сөөгүн издөө үчүн жалпы 14 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.