Фермерлер жалпы суммасы 4,8 миллиард сомдук насыя алышкан

08:52, 15 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери фермерлер жалпы суммасы 4,8 миллиард сомдук 10 миң 636 насыя алышкан. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өсүмдүк өстүрүүгө 1 миллиард 171,6 миллион сом, үй жаныбарларын багууга 2 миллиард 730,8 миллион сом, кайра иштетүү жана кызматтарга 950,3 миллион сом бөлүнгөн.

2018-2020-жылдар аралыгында «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун биринчи, экинчи жана үчүнчү фазаларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралды.