16:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Трамп АКШ тарыхындагы эң ири аскердик бюджетке кол койду

13-августта АКШнын президенти Дональд Трамп 717 миллиард долларды түзгөн өлкө тарыхындагы эң ири коргонуу бюджетине кол койду.

Анда Пентагондун башкы приоритети болуп келген эл аралык терроризмге каршы күрөшкө 69 миллиард, өзөктүк арсеналды модернизациялоого 22 миллиард жана 77 жаңы согуштук F-35 учагын алууга 7,6 миллиард доллар каралган.

Документте АКШнын Орусия менен аскердик кызматташтыгына чектөө киргизүү тууралуу дагы жазылган. Алсак, Орусия Ачык асман тууралуу келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарганын далилдемейинче, макулдашуунун алкагындагы бардык байланыштар токтотулат. Макулдашууга НАТО жана Варшава келишиминин мурдагы өлкөлөрү ортосунда 1992-жылы кол коюлган.

АКШнын жаңы аскер бюджетинде Крымдын Орусияга кошулганын таанууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге акча бөлүүгө тыюу салына турганы белгиленген. Ошондой эле анда «Орусиянын Европадагы агрессиясына» каршы туруу үчүн Украинага жана НАТО боюнча өнөктөштөрүнө аскердик жардамды кеңейтүү каралган.

Документ Трамптын администрациясын 90 күндүн ичинде Когресстин эки палатасына Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылык кылган жарандардын тизмесин берүүгө милдеттендирет. Кийин аларга карата санкция киргизилиши керек.

Бул жолку бюджет — Вьетнам согушунун ардагери, сенатор Жон Маккейндин аты менен аталган. Маккейн менен Трамп — саясий атаандаштар болуп эсептелишет. Президент документке кол коюу салтанатында сенатордун ысымын бир дагы жолу айткан жок.

Эң көп окулган жаңылыктар