Кытай аскер техникалары Казакстан аркылуу Орусияга баратат

17:00, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстан Коргоо министрлиги өлкө аймагы аркылуу Кытай аскердик техникалары Орусия полигонунда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) контртеррористтик машыгууларына катышууга бара жатканын кабарлады.

Министрлик билдиргендей, Кытай аскердик техникалары Достык-Актогай-Аягоз-Аул-Локоть каттамы аркылуу Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль полигонуна баратат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кытай аскер техникаларын аймактык «Чыгыш» колбашчылыгынын кароолу коштоп жүрөт.

Августтун аягында өтө турган «Тынчтык миссиясы» машыгуусуна ШКУ өлкөлөрүнүн — Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Индия, Пакистан жана Өзбекстандын үч миңден ашуун аскери жана 500дөн ашуун аскер техникасы менен курал-жарагы тартылат.

Казакстан куралдуу күчтөрүнүн аскер эшелондору машыгуу боло турган жерге 18-август күнү чыгат.