Владислава Андреевская теннис боюнча өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жетти

18:00, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Владислава Андреевская теннис боюнча өткөн Bishkek Cup 2 эл аралык мелдеште жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара Бишкекте өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты. Кыргызстандын атынан чыккан жаштар бир алтын, эки күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Владислава Андреевская өзбекстандык Муниса Ашурбекова менен бирге дуэтте болуп, чемпион аталды.