Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетти

15:48, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

«Анын ордуна «Тазалык» мекемесинин директору Рысбек Сарпашев дайындалды», -деди ал.

Ал эми Эркинбек Исаковдун кызматтан кетүү себебин аппарат жетекчиси айткан жок.

Эске салсак, өкмөт башчысы бүгүн шаардын мэрлигине жалгыз талапкер болуп шайланган Азиз Суракматовду жамаатка тааныштырды.