Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
«Анын ордуна «Тазалык» мекемесинин директору Рысбек Сарпашев дайындалды», -деди ал.
Ал эми Эркинбек Исаковдун кызматтан кетүү себебин аппарат жетекчиси айткан жок.
Эске салсак, өкмөт башчысы бүгүн шаардын мэрлигине жалгыз талапкер болуп шайланган Азиз Суракматовду жамаатка тааныштырды.