Ош облусунда жер титирөө катталды

12:21, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 14-августта эртең мененки саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүү күчү Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.