11:51, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай жана жерге болгон салыкты төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалым болгондой, унаа каражаттарына болгон салыктар 1-сентябрга чейин, ал эми турак-жай жана жер салыгы 2-сентябрга чейин төлөнүшү шарт.
Аталган мөөнөттөн кийин салык төлөбөгөндөрдү таап чыгуу үчүн текшерүүлөр жүрөт. Өз убагында төлөмдөрдү жүргүзбөгөн жарандарга 2000 сомдон айып пул салынат.