Азиз Суракматов мэриянын аппаратынын жетекчилигине Балбак Түлөбаевди сунуштады

11:24, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду жамаатка тааныштырды.

Шаардын жаңы шайланган башчысы кадр маселелерин узакка создуктурган жок. Ал мэриянын аппаратынын жетекчилигине «Аю холдингдин» вице-президенти Балбак Түлөбаевди сунуштады. 

Фото

Балбак Түлөбаев 21-сентябрда 46 жашка чыгат. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Көл-Төр айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.