Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланган соң Ош шаарына таза суу бериле баштады

11:15, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланган соң Ош шаарына таза суу бериле баштады. Бул тууралуу шаардык суу чарба башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин 13-августта Карагур айылында жүргөн селдин кесепетинен Ак-Буура дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткени маалымдалган.

Мындан улам Ош шаарынын Курманжан датка, Манас Ата кичи шаарчаларынан жана Достук, Калинин жаңы конуштарынан башка аймактарга таза суу берүү таңкы саат 05:00дөн тарта убактылуу токтотулган болчу.