«Ага операция жасап, тамагына түтүк коюшкан. Операция оор деле болгон эмес, бирок анын организми көтөрө алган жок. Ал жума күнү саат 8де көз жумду», — деди Дильбар Юнусованын туугандарынын бири.
Дильбар Юнусованын улуу кызы Наргизанын айтымында, бетон түшкөн маалда апасынын жанында алты жашар небереси да болгон, бактыга жараша ал жабыр тарткан эмес.
Маркумдун кошуналары трагедия үчүн көп кабаттуу үйдө ремонт иштерин жасаган курулушчуларды күнөөлөшүүдө.
7-августта Кардарлардын укугун коргоо коому Дильбар Юнусованын үй-бүлөсү аларга кайрылса, жардам берилерин билдирди.
Бирок 12-августта маркумдун туугандары бир дагы мамлекеттик органга арызданып барыша электинин айтышты.