21:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орусиянын суу сактагычтарынын бирине кыргызстандык жаран чөгүп кетти

Орусиянын суу сактагычтарынын бирине кыргызстандык жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит 2 кыз менен сууга түшүү үчүн келген. Алдыда бара жаткан жигит менен кыздардын бирөөсү сууга кокустан чөгө баштаган. Артта калган кыздардын бири дос кызын куткарып калганга үлгүргөн. Бирок жигиттин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Каза болгон жарандын жансыз денесин суучулдар алып чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар