17:52, 13 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши 14-августта унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аймак эртең саат түшкү 12ден кечки 7ге чейин жабык болот. Оңдоо иштери 15-августта да саат 7ден кечки 7ге чейин улантылат.
Унаа кыймылы Токтогул көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.