07:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ысык-Көлдө бир жума ичинде 21 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда бир жума ичинде 21 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, облустун аймагында 6-12-август күндөрү жалпысынан 14 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 учурга аз.  Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен 3 киши каза таап, 28 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен 3өө өспүрүм.

Мындан тышкары 1425 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 21 айдоочу унааларын мас абалда башкаргандыгы үчүн токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар