31-август-Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте иш-чараларды уюштуруу үчүн 3 миллион 700 миң сом каражат жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, сынактын жеңүүчүсү баш калаада өтө турган маданий шоу-программалардын сценарийин түзүп, сахна жасалгасынын дизайн-эскизин ойлоп табышы керек. Мындан башка фото-видео тартууларды уюштуруусу зарыл.